• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

БШКнын кызматкерлеринен коронавирус аныкталды

7 Теке 2020 18:23 Бишкек Govori.TV

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын бир мүчөсү жана эки кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле пневмония оорусуна чалдыккан бир нече кызматкер обочолонууда.

«Бүгүнкү күндө бир нече кызматкер аралыктан иштеп, калгандары иш ордунда бардык санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук эрежелерин сактоо менен иш алып барууда», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 77