• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

БШКнын сайтына 130 кибер чабуул аракети болду

11 Теке 202123:01 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиянын сайтына 130 кибер чабуул аракети болду. Бул тууралуу БШКнын төрайымы 11-июлдагы шаардык кеңештерге шайлоонун жыйынтыгы тууралуу маалымат бергенде айтты.

«Киберчабуулдар он мамлекеттен жасалды. Коопсуздук системасы аркылуу бул чабуулдар ийгиликтүү жоюлду», — деди Шайлдабекова.

БШКнын сайты Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы аркылуу иштелип чыккан. Ошондой эле сайтты өнүктүрүүгө ондон ашуун эл аралык уюмдар өнөктөштүк колдоо көрсөткөн.

Количество просмотров: 220