• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

БШКнын жумушчу тобу Марат Аманкуловду шайлоо жарышында калтырууну сунуштады

2 Тогуздун айы 2020 10:08 Бишкек Govori.TV

Боршайкомдун эки жумушчу тобунун 1-октябрдагы биргелешкен жыйынында «Биримдик» партиясынын лидери Марат Аманкуловду шайлоодон четтетүү тууралуу активисттердин арызы каралып, үгүт эрежелеринин сакталышы жана арыздар, ошондой эле жарандарга маалымат берүү боюнча жумушчу топтору жыйын соңунда Аманкуловду талапкер катары калтыруу жана ага карата түшкөн арызды четке кагуу тууралуу БШКга сунуш берди. Бул тууралуу Govori.TVга БШКнын жумушчу тобунун мүчөсү Семетей Аманбеков билдирди.
Аманбековдун айтымында, арыз берген активист Умай Арыкова «Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» конституциялык мыйзамдын 28-беренесинин негизинде Аманкуловду шайлоодон четтетүүнү талап кылган. Бирок талапкердин сөзү жазылган видео быйыл февралда тартылганы белгилүү болгон.

«Үгүт иштери 4-сентябрда башталганын эсепке алып, мындан улам Аманкуловго карата 28-беренени колдонууга болбой турганы айтылды. Конституциялык мыйзамдын 46-беренесинде талапкерди тизмеден алуу боюнча жоболор бар экенин, Марат Аманкуловдун кадамы анын бирине да кирбей турганы белгилүү болду. Жумушчу топтордун өкүлдөрү ушундай негизде активисттердин арызын четке кагуу жана Аманкуловду талапкерлер тизмесинде калтыруу боюнча БШКга сунуш берди. Боршайком маселени качан карай турганы айтыла элек»,-деди Аманбеков.

Аманкуловдун Орусиядагы жыйындардын биринде сүйлөгөн сөзү жазылган кыска видеотасма Интернетте 26-сентябрда тараган. Анда саясатчы: «Биздин 30 жылдык эгемендигибиз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү. Евразия аймагында бириккен мамлекет гана Евразияда эгемен боло алат», — деп билдирген. Анын сөзү коомчулукта кескин сын жана кызуу талкуу жараткан.

Эске салсак, 28-сентябрь күнү жарандык активисттер «Биримдик» партиясын жана Марат Аманкуловду парламенттик шайлоо жарышынан четтетүү тууралуу БШКга арыз тапшырышкан.

Количество просмотров: 163