• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Будапешттеги бакчалардын бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылат

29 Аяк оона 2020 16:51 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-сентябрда Венгриядагы расмий сапарынын алкагында бул өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан менен сүйлөшүү жүргүзөт.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, кыргыз делегациясы Будапештке кечээ, 28-сентябрдын кечинде барды, бүгүнкүгө бир катар иш-чаралар пландалууда.

Жээнбеков менен Орбандын жолугушуусунан кийин эки өлкө ортосунда стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларацияга, Кыргыз-венгр өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндөгү меморандумга жана башка документтерге кол коюлат. Ошондой эле Будапешт шаарындагы бакчалардын бирине залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу аземи өтөт.

Мындан тышкары Жээнбеков Венгриянын президенти Янош Адер жана өлкөнүн Улуттук жыйынынын төрагасы Ласло Кёвер менен жолугушат.

Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамилелер 1991-жылы түзүлгөн. Бул өлкөнүн элчилиги Бишкекте быйыл февраль айында ачылган. 2018-жылы венгр өкмөтүнүн башчысы Кыргызстанга расмий сапар менен келип кеткен. Эки өлкө негизинен айыл чарба, фармацевтика тармактарында кызматташат. Ондогон кыргызстандык студент Венгриянын жогорку окуу жайларында квоталык негизде билим алышат.

Количество просмотров: 83