• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Бул «истерика» боюнча комментарий бербейм». Александр Крестинин Байматовдун билдирүүсүнө оюн айтты

1 Аяк оона 202115:48 Бишкек Govori.TV

«Мен бул «истерика» боюнча комментарий бербейм», — деп жооп берди футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин маалымат жыйында.

«Фактылар жана чындык жок. Бул анын жеке пикири. Азыр ар ким өз пикирин айта алат жана бул нормалдуу деп эсептелинет. Бул жерде логикалык позиция жок. Биздин учурдун эң чоң көйгөйлөрүнүн бири бул көп «мотивацияланган» жана квалификациясы төмөн адамдар», — деди ал.

Эске салсак, Кыргыз улуттук курама командасынын мурунку капитаны Азамат Байматов кыргыз футболу өтө төмөн деңгээлге жеткенин, Кыргыз Футбол Биримдигинин президенти же Кыргыз курама командасынын машыктыруучулар штабы, анын ичинде башкы машыктыруучу отставкага кетиши керектигин айткан.

Количество просмотров: 293