• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

«Бул кыргыз саясатынын өзгөчөлүгү». Юрист Эргешбаева депутат Мадумаровдун кармалышы боюнча…

6 Аяк оона 2023 10:00 Бишкек Govori.TV

Юрист Таттуубубу Эргешбаева депутат Адахан Мадумаровдун кармалышы боюнча юридикалык комментарий берип, билдирүү жазды.

Анын айтымында, Мадумаров депутаттык ишин улантууга укуктуу, ал мандатынан ажыратылган эмес.

«Мадумаров 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы жана Кемпир-Абад окуясы (кыргыз-өзбек чек арасын белгилөө) боюнча протоколго кол койгон деп айыпталууда. Июнь айында депутаттар Башкы прокурордун өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырып, тактап айтканда, 2009-жылдагы протокол боюнча тергөө амалдарын жүргүзүүгө уруксат беришкен. Мадумаров депутаттык ишин улантууга укуктуу, ал мандатынан ажыратылган эмес.

Ошол эле маалда 2-сентябрда ИИМдин атайын отряды аны уулу менен сейилдеп жүргөн жеринен көчөдөн кармашкан. Бул кемсинтүү болду, антпесе ал июль айынан бери өлкөдөн чыгып кеткен эмес, суракка келгенге каалаган учурда даяр болчу. Ага карата баш коргоо чарасы тандалды, октябрдын аягына чейин УКМКнын СИЗОсунда болот, андан кийин узартылышы мүмкүн. Ишти Ички иштер министрлигинин Тергөө комитети жүргүзүүдө.

Буга чейин ага “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголсо, эми “мамлекеттик чыккынчылык” беренеси боюнча жаңы айып тагылды.

Бул саясий куугунтук катары бааланууда, ар бир президент өзүнүн оппоненттерине каршы ушундай аракеттерди жасаган жана жасап жатат, бул кыргыз саясатынын өзгөчөлүгү.

Ар бир бийлик соттордун көз карандысыздыгын жогорулатуунун маанилүүлүгүн түшүнүшү керек. Бул иш боюнча иштер жашыруун болуп саналат, адвокаттан башка эч кимдин ишке кирүү мүмкүнчүлүгү жок. Буга байланыштуу мен мазмунуна комментарий бере албайм.
Мыйзамдар адилет, ачык иштейт деп ишенели», -деп жазган ал.

Кошумчалай кетсек, Адахан Мадумаровду 2-сентябрда Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткени белгилүү болгон. Биринчи май сотунун чечими менен ошол эле күнү депутат 24-октябга чейин камакка алынган.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.

Буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушев Мадумаров боюнча кылмыш ишин Ички иштер министрлиги (ИИМ) тергеп жатканын билдирген.

Ал эми саясатчыны Кемпир-Абад иши боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Количество просмотров: 1127