11-12-13-апрель күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында он үчүнчү тренингин өткөрдү. Ош шаарында өткөн бул тренингге өлкөбүздүн түштүк аймагынан жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келди.
Алардын бири Баткен шаардык кеңешинин депутаты Буназарат Гайыпова аталган тренингде Кыргызстандын түштүк аймагындагы кыйын айымдар чогулганын айтып, колдоога алды.
«Бул тренинг аялдар үчүн чоң мотивация берди. Аялдардын ар кандай коомдук иштерге аралашуусуна, чечимдерди кабыл алууга катышуусуна түрткү бере турган тренинг болду», — дейт ал.