Бишкек.19.02.2019.Govori.TV.
Түркиянын белгилүү актеру жана модель Бурак Өзчивит Ташкент шаарынын бай адамдарынын жубайлары, ошондой эле Ташкенттин ишкер жана модель айымдары менен фуршет үстүндө жолугуп, 2,5 сааттын ичинде 379 000 доллар тапты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.
Алардын маалыматына караганда, Бурак Өзчивитти Өзбекстанга анын ишмердүүлүгүнө көз салып жүргөн айымдар менен жолугуу үчүн түшкү тамактанууга чакырышкан.
Rusturkey.com басылмасы түркиялык киноактер Ташкенттеги банкетке белгилүү адамдар менен жолугуу үчүн 2,5 саатка келгенин жазган.
Ал эми Өзбекстан жаңылыктары интернет басылмасы Өзчивит өзбекстандык режиссерлор менен өзү тартыла турган жаңы сериал жөнүндө сүйлөшүп, андан тышкары жаш актерлор үчүн мастер-класс өткөргөнүн жазган.
Түркиялык актер Ташкентте өткөн иш-чаранын сүрөттөрүн жана видеолорун социалдык тармактарга жарыялаган. Ал «Даңазалуу доор», «Кара сүйүү» жана башка сериалдар аркылуу таанымал.