• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бурулайдын иши боюнча өкүм чыгарылды

11 Бештин айы 2018 14:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.12.2018.Govori.TV

Свердлов райондук сотунун судьясы Санжар Чотонов Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү үчүн айыпталган Марс Бөдөшев менен анын досу Акмат Сейитовду күнөөлүү деп тапты.

Сот Бөдөшевди Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (“Ала качуу”) жана 97-беренеси (“Киши өлтүрүү”) боюнча 20 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесип, үй-мүлкүн конфискациялоого өкүм чыгарды.

Анын досу Акмат Сейитов Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси (“Кылмыш кылууга көмөк көрсөтүү”) боюнча 7 жылга эркинен ажыратылды.

Бүгүн Марс Бөдөшев сотто акыркы сөзүн айтып жатып 4-майдагы ала качууну мойнуна алган эмес. Андан тышкары кырсык болгон 27-майда да кыздын өзү менен сүйлөшүп алып кеткенин айтты.

Ал эми досу Акмат Сейитовдун ишин судьядан жакшылап карап берүүнү суранып, ишти кайра тергөөгө жиберүүнү өтүнгөн.

Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.

Количество просмотров: 18