• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бурулайдын сотунда мушташып кетишти

23 Жетинин айы 2018 15:49 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 23.11.2018. Govori.TV
Бишкектин Свердлов райондук сотунда өтүп жаткан отурумда,  Бурулай Турдаалы кызынын жана анын өлүмү боюнча айыпталып жаткан Марс Бөдөшевдин ата-энелери айтышып, урушуп кетишкен.
Сот аларды залдан чыгарууга аракет кылганына карабай отурум өтүп жаткан бөлмөдө чатакташуу он мүнөтчө созулуп, сакчылардын аралашуусунан кийин гана тараптар сыртка чыгышкан.
Ага чейин айыпталган Марс Бөдөшевдин досу, экинчи айыпталуучу Акмат Сейитов сотто көрсөтмө берип, Бөдөшев өзү көрсөтмө берүүгө даяр эмес экенин, кийин сурак бере турган айткан.
Эске салсак, буга чейин бир нече соттун отуруму болуп, чакырылган 32 күбөнүн 20га жакыны суралган.

Булак: “Азаттык”
Количество просмотров: 11