«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында уюштуруп келген айымдардын лидерлик дараметин арттырууга багытталган тренинг бул жолу Ысык-Көлдө өттү.
Бул окутуу тренингине өлкөнүн түндүк жергесиндеги 21 лидер айым чогулду. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист жана жеке ишкерлер бар.
Алардын бири Талас районуна келген Аялдар кеңешинин төрайымы Бурулбүбү Кашкатаева болду.
Ал «Кыйын» долбоору тууралуу өз пикири менен бөлүшүп жатып, тренингден бир топ билимдерди алганын жана алдыга умтулуп турган инсандарга пайдаңар тийип турсун деген оюн билдирди.