• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Бутунан ажыраган чек арачыга батир берилди

19 Аяк оона 2023 13:58 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 2022-жылдын 16-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу учурунда жаракат алган чек арачы Дастан Шарипов менен жолукту.

Атайын кызматтан билдиришкендей, жолугушууда Ташиев Дастан Шариповго Бишкек шаарынан 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

Мындан сырткары, ал согуштук аракеттерде эрдикти жана духту көрсөткөн уулду тарбиялап өстүргөн Дастан Шариповдун ата-энесине терең ыраазычылык билдирип, чек арачынын эрдиги өсүп келе жаткан жаш муундарга үлгү экендигин белгиледи. Ошондой эле УКМК башчысы согуштук аракеттерге катышкан баатырлардын эмгегин мамлекет эч качан унутпай турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 16-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги атышуу учурунда Дастан Шарипов минометтун жарылуусунан жаракат алып, оң бутунун тизесинен ылдый жагынан айрылган, ошондой эле сол бутунан күйүк алып, денесинен темирдин майда сыныктары алынган.

Количество просмотров: 68