• Шейшемби 5 Бештин айы 2023
  • Вторник 5 Декабрь 2023

БУУ өкүлү «чет элдик өкүл» мыйзамы Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө коркунуч жаратарын айтты

17 октября 2023 в 13:05 Бишкек Govori.TV

БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча тынчсыздануусун билдирди.

Ал бүгүн, 17-октябрда парламенттик угуу учурунда сөз сүйлөп жатып, “чет элдик өкүл” мыйзамы кабыл алынса Кыргызстанда адам укуктарынын абалына жана өлкөнүн өнүгүүсүнө коркунуч жараларын белгиледи.

Ошондой эле ал Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө бир топ коркунуч жарала турганын белгиледи.

«Бул мыйзам долбоору биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүүдө бир нече тобокелдиктерди камтыйт. Жарандык коом уюмдары мамлекет менен катар башкаруунун баардык деңгээлдеринде социалдык кызматтарын да көрсөтүүдө. Айрыкча айыл жергесинде же алыскы аймактарда ошондой эле аялуу топторго жетүүдө чечүүчү ролду ойнойт. Жогоруда айтылгандай бул БУУнун жана кеңири эл аралык донорлордун коомчулуктун негизги өнөктөшү болуп эсептелинет. Кыскасын айта турган болсок бул мыйзам долбоору кабыл алынса калктын жакшы жашоо үмүттөрүнө шек келтирилет — бул жакшы болгон жагы, ал эми жаман жагы болсо бул үзгүлтүккө учурашуу жана алып келүүчү коркунучтар бар деп көрүп турабыз. Ошондой эле бул коомдун эң аялуу катмарына чоң таасирин тийгизмекчи. Демек бул президент Садыр Нуркожоевичтин 2030-жылга карата туруктуу өнүгүү максаттарга жетүү боюнча алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирүү дымактуу максатына да шек келтирет», — дейт ал.

Ошону менен катар кылмыш жоопкерчилигинде каралган 10 жылга эркинен ажыратуу беренси өзгөчө тынчсыздануу жаратарын айтты.

Эске салсак, «Чет элдик өкүл» мыйзамынын долбоору Жогорку Кеңештин эки тармактык комитетинде биринчи окууда колдоо тапкан.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып жатышат.

“Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Ал эми депутат Надира Нарматова мыйзам долбоору сөз эркиндигин, бейөкмөт же эл аралык уюмдардын ишин чектебей турганын айтып келет.

Количество просмотров: 91