• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

БУУ: Кыргызстандын тергөө абактарында аялдар дискриминацияланат

9 Бештин айы 2020 9:09 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы Кыйноого каршы коалиция 3 жыл бою убактылуу кармоо изоляторлорунда отурган Роза Горбаеванын баянын жарыялады. Жакында БУУнун Аялдарга карата дискриминацияны жоюу боюнча комитети бул маселе боюнча өз бүтүмүн чыгарган.

Уюм Роза Горбаева тергөө абагында дискриминацияга кабылганын белгилеген: ал эркектердин көзүнчө жуунуп, кийинүүгө мажбурланган. Кичинекей камерада эч нерсе менен тосулбаган санузел болгон.

Кыйноого каршы коалиция: «Роза Горбаева тергөө жүрүп жана сот болгонго чейин убактылуу тергөө изоляторлорунда үч жылдан ашуун убакыт отурган. Мыйзам боюнча тергөө абагында кармалуу мөөнөтү 48 сааттан ашпоосу керек, себеби ал жакта узак мөөнөткө кармоого шарт түзүлгөн эмес», — деп билдирди.

Бул убакыт аралыгында Горбаева алты тергөө абагында болгон жана Жалал-Абаддагы «Справедливость» укук коргоо уюмунун жардамы менен БУУнун Аялдарга карата дискриминацияны жоюу комитетине кайрылган. Комитет 1-декабрда бул арыз боюнча чечим чыгарган.

Документте Кыргызстан конвенциянын 9 беренеси боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаганы айтылып, жабырлануучуга каржылай компенсация төлөп, камактагы аялдардын физикалык жана психологиялык коопсуздугун камсыздашы керек экени белгиленген.

«Справедливость» уюмунун адвокаты Сардор Абдухалилов бул чечимдин негизинде компенсация өндүрүү үчүн сотко доо арыз менен кайрылышарын билдирди.

Кыйноого каршы коалиция бул — өлкөдө аялдардын дискриминацияланганы эл аралык деңгээлде таанылган алгачкы учур экенин белгилейт.

Количество просмотров: 74