• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

БУУ жардам берсе, түтүн маселеси чечилеби?

15 Бештин айы 2022 16:16 Бишкек Govori.TV

2022-жылга Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигине бюджеттик каражаттарды кошкондо 856,3 млн сом өлчөмүндө каражат каралган. Ал эми өнүктүрүү фондуна жыл сайын 3миң 700 млн. сом түшүп турарын каржы министрлиги билдирген. Бирок, ыш менен күрөшүүгө бул каражат жетишпей, БУУ нан 6млрд. 700 млн.доллар гранттык жардам суралды. Эми ушул каражат келсе түтүн маселеси чечилеби? Депутаттардын оюн билип көрөлү.

Кошумчалай кетсек, 2022-жылга Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигине бюджеттик каражаттарды кошкондо 856,3 млн сом өлчөмүндө каражат каралган. Алар бюджеттик каражаттар 628,5 миллион сом, атайын эсептин каражаттары 227,8 миллион сом. Бюджеттик каражаттын 628,5 млн сомунун бүгүнкү күндө 72%ы бөлүнгөн, калганы ушул жылдын декабрь айынын аягына чейин каржыланат.

Жалпысынан 2022-жылга Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигине 856,3 миллион сом (бюджеттик жана атайын эсептин каражаттары), ошондой эле Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 3,7 миллион АКШ доллары (301,3 млн. сом) өлчөмүндө каражат каралган. Муну менен катар 2022-жылга жана өткөн жылдардагы өздөштүрүлбөгөн каражаттардын калдыктары бар.

Кыргыз Республикасынын абанын сапатына жана Бишкек шаарындагы турак жайларды жылытуу жана жашылдандыруу боюнча экологиялык таза чечимдерди илгерилетүү боюнча потенциалын чыңдоо үчүн учурда Дүйнөлүк Банк менен Сапатты жакшыртуу долбооруна 50,0 миллион АКШ доллары өлчөмүндө кредит алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Количество просмотров: 296