• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

«БУУнун алдында пикетке даярданып жатам». Издөө жарыяланган Куренов үн катты

14 Жетинин айы 2022 13:50 Бишкек Govori.TV

Жарандык активист Тилекмат Куренов “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен камалган активист, саясатчылар тууралуу Фейсбуктагы баракчасына пикирин жазды.

«Мен буюрса БУУнун алдында пикетке даярданып жатам. Дүйнөлүк коомчулук бийликтин чыныгы жүзүн көрүп, өлкөбүздө болуп жаткан саясий репрессиялардан кабардар болуш керек»,-деп жазды ал.

Эскерте кетсек, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин маалыматы боюнча, Тилекмат Куреновго (Кудайберген уулу) издөө жарыяланган.

Количество просмотров: 1017