8-январда Ош шаарына БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында Россия 200 тоннадан ашык байытылган ун жеткирди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн түштүк аймагы Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан колдоого алынып, жыл сайын бул аймактагы 4 миң 600дөй адамга азык-түлүк таратылат.
Ош шаарынын мэриясынын, Россиянын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун жана Орус үйүнүн өкүлдөрү келген азык-түлүктөрдү өткөрүп алуу жараянына катышты.