• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

БУУнун КРдеги координатору депутаттарды ӨЭУ тууралуу мыйзамды кароодо шашпоого чакырды

22 Бугу 2020 15:02 Бишкек Govori.TV

Өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик талкуу өттү. Укук коргоочулар талкуу карантин режимине карабастан өткөрүлө турганын сынга алышты. Көбү талкууга катышкан жок, айрымдары Ак үйдүн тышында акция өткөрүштү.

Парламенттик угууга катышкан Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело өкмөттүк эмес уюмдардын ишин көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбооруна тынчсыздануусун билдирди.

«ӨЭУ көбүнчө өкмөт менен муктаж адамдардын ортосундагы көпүрө болот. Активдүү коомдук лидерлердин жардамы менен алар калктын аялуу катмарына, анын ичинде майыптыгы барларга, ВИЧ менен ооругандарга, гендердик запкынын курмандыктарына, радикалдашуу жолунда турган жаштарга жардам берүүдө өкмөткө көмөктөшөт. Калктын мындай катмарынын реинтеграция болушуна, гүлдөгөн коом түзүүгө жардам берет».

Озонниа Ожиело мыйзам долбооруна жарандык коом, коомчулук, айрым депутаттар, эл аралык коомчулук олуттуу тынчсызданып жатканын айтты.

Документтеги сунуштар БУУнун Адам укугу тууралуу кеңешинин резолюциясына каршы келери тууралуу Венеция комиссиясынын мүчөлөрү менен БУУнун баяндамачыларынын эксперттик пикирин окуп берди.

Кыргызстан узак жылдар бою демократияны тааныган өлкө катары эл аралык чөйрөдө аброюн сактап келатканын, мамлекетте эркин жыйын, ассоциация, сөз эркиндиги бар экенин эске салды. БУУ аталган мыйзам долбоору Кыргызстандын эл аралык аренадагы аброюна доо кетирет деп бушайман болуп жатканын кошумчалады.

Количество просмотров: 40