• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

БУУнун жумушчу тобу Карим Масимовду эркиндикке чыгарууга үндөдү

1 Жетинин айы 2022 14:21 Бишкек Govori.TV

БУУнун Негизсиз кармоолор боюнча жумушчу тобу Астананы Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Карим Масимовду «тез арада бошотуу үчүн ыкчам чараларды көрүүгө» чакырды. Бул тууралуу экс-аткаминерди колдоо үчүн түзүлгөн онлайн-ресурс кабарлады.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын сайтына жарыяланган жумушчу топтун билдирүүсүнө ылайык, Масимовдун кармалышы негизсиз эркинен ажыратуу боюнча биринчи жана үчүнчү категорияга туура келип, Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 3чү, 9чу, 10чу, 11-беренелерин, Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын 14-беренесин бузары белгиленген.

Мындан тышкары билдирүүдө Масимовдун ишинин айланасында «жашыруундуулук» көп экени жазылган – үй-бүлөсүндө анын иши боюнча жетиштүү маалымат жок, жакындары менен жолугушуусуна уруксат берилген эмес. Ошондой эле жумушчу топ адвокаттардын ишине да кийлигишүүлөр болуп жатканын белгилешкен.

«Казак өкмөтүн Карим Масимовдун негизсиз эркинен ажыратылышына байланышкан жагдайлардын көз карандысыз иликтенишин камсыз кылууга жана анын укуктарынын бузулушуна жооптуу адамдарга каршы тиешелүү чараларды кабыл алууга чакырабыз. Иштин бардык жагдайларын эске алуу менен көрүлө турган укуктук коргоо чарасы катары Масимовдун токтоосуз бошотулушун жана эл аралык укуккка ылайык ага кенемте алуу укугунун берилишин эсептейбиз», – деп жазылган билдирүүдө.

Количество просмотров: 137