• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Буздурулган «Батуминин» чыры эмне менен аяктаганы айтылды

18 Бештин айы 202313:59 Бишкек Govori.TV

«Батуми» кафесине башка жерден орун берилген. Бул тууралуу 18-декабрда Архитектура, курулуш жана турак-жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев билдирди.

«Батуми жабылган маселе. Бул иш мен вице-мэр болуп турган учурда эле жабылган. Бишкек мэриясы бөлүп берген. Азыр эч кандай дооматтар жок», — деди Орунтаев.

Буга чейин Бишкек мэриясы тарабынан түрттүрүлгөн “Батуми” кафесинин ээси вице-мэр Нурдан Орунтаевдин үстүнөн атайын кызматка кайрылган. УКМК Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев «Батуми» ресторанынын ээсине 3 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирди.

Количество просмотров: 479