• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бузурманкулов абактан арыз жазып, басым болуп жатканын айтты

24 Бештин айы 2022 10:58 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад иши боюнча кармалып камакта жаткан активист Айбек Бузурманкулов Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматованын жана Кыйноолорго каршы борборунун жетекчиси Рыспековдун дарегине арыз жазды.

Бузурманкулов өз арызында себепсиз эле башка камерага которулганын, ал жакта жашоого шарт жок экенин жазган.

Төмөндө Бузурманкуловдун кайрылуусун өзгөртүүсүз беребиз:

«2022-жылдын 22-декабрында кезектеги кечки текшерүүдөн кийин себебин айтпай жашап жаткан камерадан башка камерага которуп салышты. Жаңы келген камеранын абалы өтө начар, ичи өтө кир, жарык берүүсү да өтө күңүрт көздү оорутат. Таракандар быжырап ичин толук каптап кеткен. Кыскасы адамдын жашоосуна өтө начар ылайыктанышкан. Психологиялык пытка деп айтса да жарашат.
Мындай ыплас, майда, кекчил кадамдарга бийлик, саясий туткундардын эркиндигинен чектелгендигине карабастан СИЗО-1ден да тынбай кат аркылуу, сот процесстеринде чындыкты, өз эркин оюн айтып саясий күрөштү улантып жатканына жолтоо болуп, басым жасап жатат деп эсептейм.
Бул майда, кекчил, ыплас кадамдар менен бийлик биздин эркиндигибизди чектесе да оюбузду, сөзүбүздү, ички демибизди чектей албайт.
Кыргыз элинин келечеги үчүн чындыкты, бийликтин каталарын көзгө басып айтууларыбызды уланта беребиз.
Омбудсмен жана Кыйноолорго каршы борборунун өкүлдөрү камераларыбыздын абалы боюнча келип таанышып, көрүп кетсеңиздер болот».

Количество просмотров: 203