Быйыл январь-февраль айларында чет жактарда жүргөн эмгек мигранттары Кыргызстанга 364,7 млн доллар которду. Маалыматты Улуттук банк жарыялады.
Февраль айында мигранттар Кыргызстанга 187,6 миллион доллар которгон, бул бир ай мурдагыдан 10,5 миллион долларга көп. Акча которуулардын 97%дан ашыгы, тагыраагы, 354,08 миллион доллары Орусияга туура келет.
Башка мамлекеттерден 1,76 млн доллар, АКШдан 7,5 миллион доллар которулган.
Ошол эле учурда февраль айында 41,1 млн доллар каражат өлкөдөн чыгарылган.