• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Тажикстанда айт намазы жылдагыдай жамаат менен окулбайт

19 Бугу 20209:43 Бишкек Govori.TV

Тажикстанда быйыл айт намазы жылдагыдай жамаат менен окулбайт. Бул тууралуу 18-майда өлкөнүн Ислам борборунун уламалар кеңеши билдирди.

Өлкөнүн Дин иштери боюнча комитети мындай чечимдин кабыл алынышына коронавирус эпидемиясы себеп болгонун кабарлады.

18-апрелде тажик бийлиги коронавирус коркунучунан улам мечиттерде жамаат менен намаз окууга тыюу салган.

18-майга карата өлкөдө коронавирусту жугузуп алгандардын саны 1729 адамга жетти. Алардын ичинен 41 бейтап каза болду.

Количество просмотров: 34