• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Милициянын айлыгы көтөрүлдү. Айыл өкмөтү пара менен кармалды

3 Бирдин айы 2020 13:28 Бишкек Govori.TV

АЙЫЛ ӨКМӨТ ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Аламүдүн жана Ысык-Ата райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 30-январда Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы 350 миң сом пара менен кармалды.
Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, шектүү ишкер К.А.дан кум-шагыл карьери боюнча ижара келишимин бузбоо үчүн 400 миң сом талап кылган. Анын баш коргоо чарасы каралып, №1 абакка киргизилди.
Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Т.К. 45 жашта. Бул кызматка 2017-жылы келген.


ОШТО ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН 7 АДАМ КАЗА БОЛДУ
Оштогу Өзгөн районунда жол кырсыгы катталып, 7 киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Белгилүү болгондой, кырсык Мырзаке айылындагы Жээнбеков көчөсүндө бүгүн, 3-февралда болжол менен саат 03:30да катталган. Lexus ES300 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, электр мамычасын сүзүп, натыйжада өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен жети эркек киши каза болгон.
Жерине куткаруучулар, тез жардам жана милиция кызматкерлери тартылган.
“Өрт саат 04:18де чектөөгө алынып, саат 04:35те толук өчүрүлгөн. Өрттү өчүргөндө унаанын ичинде 7 адамдын сөөгү табылган. Куткаруучулар унаадагы каза болгон адамдарды чыгарышып, Өзгөн райондук оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткиришкен”, – деп айтылат маалыматта.


МИЛИЦИЯНЫН АЙЛЫГЫ КӨТӨРҮЛДҮ
Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин маянасы 2020-жылдын 1-январынан баштап 40% жогорулады. Бул тууралуу маалымат ИИМден алынды.
Ага ылайык, буга чейин бир кызматкердин айлык маянасы орточо эсеп менен 11 миң сом болсо, эми ал 19 миң сомду түзөт.
Ошондой эле убактылуу батирде турган кызматкерлерге акча төлөнөт. Эгерде Бишкек шаарында батирде турса 9 миң сом, аймактарда 7 500 сом берилет. 2020-жылдын 3-февралынан баштап ички иштер органдарындагы кызматкерлер келишим менен иштешет.

Количество просмотров: 178