• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Быйыл Кыргызстанда сугат суу былтыркыга караганда бир аз тартышыраак болот

27 Бирдин айы 2020 11:16 Бишкек Govori.TV

Быйыл Кыргызстанда сугат суу былтыркыга караганда бир аз тартышыраак болот. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып Суу агенттигинин директорунун орун басары Абдыбай Жайлообаев билдирди:

«Гидрометтин берген баштапкы маалыматы боюнча, көбүнчө бассейндерде суу нормадан 10-12% азыраак болот. Такталган маалымат апрелдин башында берилет».

Жогорку Кеңеш бүгүн жазгы талаа иштерине даярдык тууралуу өкмөттүн маалыматын угуп жатат.

Өкмөт быйыл Кыргызстандын айыл чарбасында жалпы себүү аянттары 1 миллион 219 миң гектар болорун, бул өткөн жылга салыштырганда 2,3 миң гектарга көп экенин айтууда.

Кыргызстан — аймагынын 65-70% айыл жери ээлеген агрардык өлкө.

Быйыл кышында Кыргызстандын аймагында кар азыраак жаады. 

Количество просмотров: 102