Быйыл пенсияны жогорулатууга 20 млрд сарпталат. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда өткөн маалымат жыйында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.
Алиевдин айтымында, пенсиянын көлөмүн жашоо минимумуна жеткирүү аракети болуп жатат.
«Мындай кадамдарга 3 жылдан бери келе жатабыз. 2022-жылы пенсияны 33 пайызга көтөрдүк. Ал үчүн 20 млрд керектелди. 2023-жылы дагы жогорулатууга 20 млрд жумшалды. Быйыл 20 млрд сарпталат. Үч жылга 60 млрд сом деп эсептелинди»,-деди ал.