Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы өлкө боюнча 2020-жылга карата садага битирдин баасын бекитти. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
2020-жылы ар бир адамга садага битир 1,6 кг буудай (35 сом), мейиз (384 сом), ун (60 сом) же 3,2 кг арпа (54 сом), курма (512 сом) болот. Азык-түлүктүн наркы туруктуу эмес болгондуктан алардын салмагына көңүл буруу керек. Садага битирди ушул азык-түлүктөрдүн биринин баасына барабар өлчөмдө курмандыкка чалууга болот.
Ошондой эле зекеттин баасы бекитилди.
Алтын баасында эсептегенде: 85 грамм алтынды (585-проба менен) 2280 сомдон эсептегенде 193 800 сом болуп, анын кырктан бири 4845 сом. Эгер доллар менен эсептегенде 2307 доллар болуп, анын кырктан бири 55 доллар.
Күмүштүн баасы менен эсептегенде: 612,36 грамм күмүштү (орто эсеп менен) 36 сомдон эсептегенде 22 044 сом болуп, анын кырктан бири 551 сом. Эгер доллар менен эсептегенде 316 доллар болуп, анын кырктан бири 8 доллар.
Жогоруда аталган зекет төрт нерседен берилет: алтындан, күмүштөн, нак акчадан, товарлардан (соода-сатык ниетинде сатып алынган буюмдар).