• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Былтыр Баткенге деп элден чогулган акча боюнча маселе көтөрүлдү

21 Аяк оона 2022 11:57 Бишкек Govori.TV

ЖКнын Баткенге 2021-жылдагы окуяда жабыркагандарга деп элден чогулган акча боюнча маселе көтөрүлдү. Депутат Тазабек Икрамов Лейлек жерине барганда эл «Былтыркы топтолгон 500 миллиондун беш тыйынын да көргөн жокпуз» деп айтып жатканын билдирди.

«Былтыр Баткенде болгон окуядан кийин ошол жерде ӨКМге элден топтолгон жардам боюнча сурап, отчет алышыбыз керек. Элде бир топ ишенбестик пайда болуп жатканын айтышты. Бүгүн жалпы кыргыз эли, жашы, карасы дебей колунан келген акчасын топтоп берип жатат. Ушул акча да эртең туура багытта колдонулса деп айтат элем. Эртең бул жерге алып келип, отчетун бере тургандай кылышыбыз керек. Топтоп берет экенбиз, аягы чыкпай калып жатат», — деди депутат.

2021-жылдын жазында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркаган жергиликтүү элге жардам чогултуу үчүн өкмөт атайын эсеп ачып, ага 120 миллион сомго жакын акча түшкөнү расмий айтылган.

Ал эми соңку окуяга байланыштуу Кыргызстандын Каржы министрлиги атайын эсеп ачкан. Ага, 21-сентябрдагы маалыматына караганда, 197 миллион сом чогулду.

Количество просмотров: 599