• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бюджеттик каражаттарды туура эмес сарптоо фактысы боюнча Бишкектеги бир райондун акими кармалды

29 Жалган куран 2021 14:23 Бишкек Govori.TV

Бюджеттик каражаттарды туура эмес сарптоо фактысы боюнча Бишкектин бир райондук администрациясынын башчысы кармалды. Мындай маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы таратты.

“Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмү («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ысырап кылуу») боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык администрация башчыларынын бири Ч.Ч. кармалды”, — деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык колго түшкөн адам бюджеттик каражаттарды үгүт иштери үчүн депутаттыкка талапкерлердин бирине мыйзамсыз бөлүп берген. Бул бюджеттик каражаттар Бишкектеги аймактардын бирин жакшыртууга арналган.

Учурда шектүү УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Маалыматта айтылган Ч.Ч. аттуу аким — Бишкектин Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев экени айтылууда.

Количество просмотров: 69