• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

CAFA: Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер курамасы коло медалга ээ болду

12 Бирдин айы 2024 13:32 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук кыз-келиндер курама командасы CAFA Women’s Futsal Championship 2024 мелдешинде коло медалга ээ болду.

Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришкендей, мелдеш Кыргызстан Иран, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан курама командаларынын катышуусунда Душанбе шаарында 2-февралдан 12-февралга чейин өттү.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча курама командалар төмөнкүдөй упайларга ээ болду:

  • 1 орун — Иран (12 упай);
  • 2 орун — Өзбекстан (9 упай);
  • 3 орун — Кыргызстан (6 упай);
  • 4 орун — Түркмөнстан (3 упай);
  • 5 орун — Тажикстан (0 упай).
Теги:
Количество просмотров: 87