• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Центерра» «Кумтөрдү Кытай сатып алууда» деген маалыматка жооп берди

31 Тогуздун айы 2018 18:11 Бишкек Govori.TV
Бишкек.31.10.2018.Govori.TV.
«Центерра» компаниясы “Кумтөр” боюнча башка тараптар менен кандайдыр сүйлөшүү жүрө турган болсо ал тууралуу Кыргызстанды сөзсүз кабардар кылмак. “Центеррадан” келген жооп ушундай болгонун бүгүн “Азаттык” радиосуна “Кыргызалтын” ишканасы билдирди.
«Центерра» коомчулук үчүн ачык компания болгондуктан үчүнчү жактардан, анын ичинде кытайлык компаниядан ар кандай мүнөздөгү келишимдерди түзүү жөнүндө түрдүү сунуштарды алышы мүмкүн экенин, бул дүйнөдөгү ачык ишканалардын арасындагы кадимки көрүнүш болуп эсептелерин белгилейт.
Ошону менен катар «Центерра» «эгер кайсы бир сунуш кабыл алынып же талкууланып жатса сөзсүз түрдө кыргыз өкмөтү жана “Кыргызалтын” менен макулдашылмак» деп расмий билдирди.
“Кыргызалтындын” маалыматына караганда, «Центерра» үчүнчү тараптан түшкөн кандайдыр сунуш боюнча иштерди улантуу жөнүндө чечимин компаниянын жетекчилиги же директорлор кеңеши менен гана эмес, бүтүндөй «Центерранын» жалпы акционерлери, анын ичинде “Кыргызалтын” менен чогуу кабыл алат.
“Центерра” — канадалык компания. Кыргызстан аны менен бирге Ысык-Көлдөгү Кумтөр алтын кенин иштетет.
Жакында айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында «Центерра» кытайлык «Shadong Gold» компаниясы менен «Кумтөрдү» сатуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп жатканы жөнүндө кабарлар тараган.
Количество просмотров: 25