• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Үч автобус жана жеңил автоунаалар кагышып, эки адам каза болду

26 Жалган куран 2019 14:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.03.2019.Govori.TV.

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында үч автобус жана жеңил автоунаалар кагышып, эки адам каза болду, дагы 27 адам жаракат алды. Бул тууралуу inform.kz кабарлады.

Медиктердин маалыматына ылайык, жаракат алгандардын ичинен төртөөнүн абалы оор.

Кырсык Кабанбай баатыр проспекти менен Улы Дала көчөсүнүн кесилишинде болгон. Үч жүргүнчү ташыган автобус жана жеңил машиналар кагышкан.

Автобустун айдоочусу менен бир жүргүнчү окуя болгон жерде каза болду, – деп айтылат маалыматта.

Күбөлөрдүн маалына таянсак, көчөнүн кесилишинде токтоп турган автобусту катуу ылдамдыкта келе жаткан башка автобус сүзгөн, ал алдында турган автобусту жана жеңил унааларды сүзгөн.

Количество просмотров: 3