• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Үч балбан Олимпиадалык жолдомо үчүн күч сынашат 

19 Чын куран 2024 15:24 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөлөрү Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев жана Орозобек Токтомамбетов Бишкекте өтүп жаткан Азиялык квалификациялык мелдешинин жарым финалына чыгышты.

57 кг чейинки салмак ченинде Бекзат Алмаз уулу 1/8 финалдык баскычтан баштап, алгач Палестина өлкөсүнөн келген Али Абурумайла аттуу балбанды 6:2 эсеби менен утту. 1/4 финалда кытайлык балбанды жеңип жарым финалга чыкты.

65 кг чейинки салмакта Эрназар Акматалиев чейрек финалга чыгуу үчүн ирактык Мохаммед Каримди 10:0 эсебинде жеңди. Кийинки баскычта кытайлык балбан менен кыл чайнашкан беттеш өткөрүп, жыйынтыгында 12:6 эсебинде жеңишти камсыздай алды.

Ал эми 74 кг чейинки салмакта Орозобек Токтомамбетов 1/8 финалда Бахрейн мамлекетинин атынан чыгып жаткан россиялык Магомерасул Аслуев менен беттешип 7:1 эсебинде жеңишке жетти. 1/4 финалда индиялык Жайдип Жайдип аттуу балбан менен беттешип 2:2 эсебинде жеңип жарым финалга чыкты.

Белгилей кетсек, бул мелдеште финалга чыккан спортчулар автоматтык түрдө Олимпиада оюндарына жолдомо алат.

Количество просмотров: 166