Бишкек.04.07.2019.Govori.TV.
Издөө иштерин улантуу үчүн Өзгөчө кырдаал министирлинен жалпы 106 куткаруучу тартылып, 4-июлда, саат 19:30да куткаруучулар тарабынан кичине кыздын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма соз кызматы билдирет.
2-июль күнү, саат 20:00 чамасында Арал айылынан 12 чакырым алыстыктан 1960-ж.т. Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевдин жансыз денеси табылган.
Ошондой эле, 2-июлда, саат 17:20да Жумгал районунун Арал айылынын тушунан Көкөмерен суусунан айдоочусунун сөөгү куткаруучулар тарабынан табылган.
Эскерте кетсек, 30-июнь күнү саат 10:00 чамасында Көкөмерен суусуна унаа түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн (туугандарынын айтуусунда унаада 5 адам болгон: 3 эркек, 1 аял, 1 жаш бала).
Молдакун Абдылдаевдин кызы Индира Абдылдаева жакындары менен биргеликте кырсык болгон жайда жүрөт. Ал суучулдардан жана мекендештеринен издөөгө жардам берүүнү суранууда.
“Бул жакта бүт туугандарым, кесиптештерим жана досторум болуп жүрөбүз. Куткаруучулар издешүүдө, бирок суу чоң экен, алар жетишпей жатат. Сууга түшкөнгө дагы суучулдар керек. Бизди түшүрбөйт экен. Бүгүн үчүнчү күн, жок болууда. Ушинтип эле бир үй-бүлө жок болуп кетеби?.. Менин кызымды да таппай жатабыз. Суунун агымы аябай күчтүү экен”, — деп кайрылды Абдылдаевдин кызы.
Ал кырсыктаган унаанын ичинде айдоочудан сырткары атасы, апасы, бир тууган иниси жана 8 жаштагы кызы болгонун билдирди.
“Мен кечинде сүйлөштүм эле. Алар таңга маал саат 4тө жолго чыгышкан экен. Келе жатып унаасы менен сууга түшүп кетишиптир. Дагы бир сааттай жүргөндө Суусамырга жетмек экен. Азыр автоунаасын да таппай жатабыз”, — деди Абдылдаева.
Ал эми кырсыктын күбөсү, Кызыл-Ой айылыны тургуну Кубатбек Эмилбеков унаа сууга түшкөндөн кийин бир адам сыртка чыгып бир топко чейин барганын билдирди.