• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чүй каналынан аял кишинин денеси табылды

27 Үчтүн айы 20229:21 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Мурас-Ордо конушунан жоголгон 69 жаштагы аял кишинин денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, А.А. үйүнөн акыркы жолу 2022-жылдын 23-январында чыгып кеткен. Анын буюмдары эртеси Чоң Чүй каналындагы көпүрөнүн алдынан табылган.

Издөө иштери улантылып, 26-январда Аламүдүн районундагы куткаруучулар сөөктү Чоң Чүй каналынан таап чыгып, туугандарына өткөрүп беришти.

Количество просмотров: 286