• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Чүйдөгү үрөй учурган кырсык: 2 киши каза болду

10 Тогуздун айы 2023 11:00 Бишкек Govori.TV

Чүйдүн Жайыл районунда жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 9-октябрда болжол менен саат 16:30 чамасында «Хундай-Соната» авто унаасынын айдоочусу, 1985-жылы туулган Б. Р. Б Калинин – Жон-Арык жолунун 4-чакырымында түндүктү көздөй бара жатып, рульга ээ боло албай, бакты сүзүп токтогон.

«Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу жана бир жүргүнчүсү окуя болгон жерден каза тапкан, дагы бир жүргүнчүсү Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 1115