• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чүй каналында эркек кишинин жансыз денеси табылды

31 Бугу 202113:59 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн районунун Гес-2 айылындагы Чүй каналында адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суу өткөн тосмодо «адамдын сөөгү илинип турат»деген маалымат түшкөн. Жерине 4 куткаруучу тартылган.

Алар орус улутундагы болжол менен 60-65 жаштагы эркек кишинин сөөгүн илинип турган тосмодон алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 321