• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чүй облустук ооруканасында бейтап өз өмүрүнө кол салды

17 Бирдин айы 202017:46 Бишкек Govori.TV

Чүй облустук ооруканасындагы бейтап өз өмүрүнө кол салды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 17-февралда болжол менен саат 12:36да Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Чүй облустук ооруканасынын урология бөлүмүндө жаткан 1974-жылы туулган Ш.Б., өз жанын кыйгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Жерине барган ыкчам-тергөө топтун кызматкерлери бычактан жараат алып каза болгон эркек кишинин сөөгүн табышкан.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Учурда керектүү экспертизалар дайындалган.

Количество просмотров: 118