Бишкек.13.07.2019.Govori.TV.
Чүй облусуна караштуу Петровка айылында 322 гектардан ашуун эгин талаасы өрттөндү.Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 14 кызматкер, 4 трактор тартылган. Өрттөн 322 гектар 10 сотых жер күйүп кеткен. Анда 152 гектар 71 сотых чабылган арпа болсо, 169 гектар 39 сотых чабыла элек арпа болгон. Өрт толугу менен саат 17:30 чамасында өчүрүлгөнү айтылды.
Кошумчалай кетсек, өрттүн кесепетинен 20дай жергиликтүү ишкер жабыркаган.