• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Чүй проспектисинде жаңы тротуар салынууда

29 Баш оона 2023 9:20 Бишкек Govori.TV

Чүй проспектисинде жаңы тротуар салынууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Учурда проспекттин Жаш Гвардия бульварынан Турусбеков көчөсүнө чейин түштүк тарабындагы тротуардын эски асфальты сыйрылып бүтүп, лотокторду даярдоо жана бордюрларды орнотуу иштери башталды.

Түштүк тарабындагы иштер аяктагандан кийин ушундай эле жумуштарды Чүй проспектиси боюнча Жаш Гвардия бульварынан Турусбеков көчөсүнө чейин түндүк тарабында жүргүзүү пландалууда.

Эске салсак, аталган көчөнүн узундугу 700 погон метрди, туурасы 3 метрди түзөт.

Количество просмотров: 50