Бүгүнкү күндө 17 объектиде тротуарларды капиталдык оңдоо иштери аяктады. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 2023-жылга карата «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын титулдук тизме боюнча борбор калаанын 4 районунда 30 км ашык тротуарды капиталдык оңдоо каралган. Титулдук тизме боюнча 22 объект, ал эми кошумча титулдук тизме боюнча 21 объектте курулуш иштери пландалган.
Тротуарларды оңдоо иштери төмөнкү участоктордо аяктады:
Жибек-Жолу проспекти боюнча Манас проспектисинен Жаш Гвардия бульварына чейин;
Садырбаев көчөсү Семетей көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин;
Чүй проспекти Павлов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин;
Чүй проспекти Павлов көчөсүнөн Бейшеналиева көчөсүнө чейин (экинчи тарабы);
Чүй проспекти 311-үйдөн Фучик көчөсүнө чейин;
Фучик көчөсү оорукананын негизги кире беришинен Москва көчөсүнө чейин;
Фучик көчөсү Чүй проспектисинен Москва көчөсүнө чейин;
Өмүр көчөсү Ашар көчөсүнөн Б. Алыкулов көчөсүнө чейин;
Токтогул көчөсү Калык Акиев көчөсүнөн Үмөталиев көчөсүнө чейин;
Чүй проспекти Осмонкул көчөсүнөн Гоголь көчөсүнө чейин;
Чүй проспекти Курманжан Датка көчөсүнөн Т. Айтматов көчөсүнө чейин (түндүк тарабы);
М. Ганди көчөсү Жибек- Жолу проспектисинен Саадаев көчөсүнө чейин;
Фучик көчөсү Рыскулов көчөсүнөн «Газпром» кеңсесине чейин;
Ахунбаев көчөсү Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Каралаев көчөсүнө чейин;
Сухэ-Батор көчөсү Каралаев көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейин;
Байтик баатыр көчөсү Лев Толстой көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;
Байтик баатыр көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин.