Чүй облусуна караштуу Чүй райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына Заирбек Бекетаев башкы архитектор болуп дайындалды.
Маалыматка ылайык, Бекетаевди эмгек жамаатына Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Алмаз Мажитов тааныштырды.