• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

КСДПнын өкүлү Алга Кылычов убактылуу кармоочу жайга которулду

11 Тогуздун айы 2019 9:49 Бишкек Govori.TV

КСДПнын өкүлү Алга Кылычов СИЗО-1ден убактылуу кармоочу жайга которулду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Алга Кылычов аталган кызматтын мекемесинде эмес, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Эске салсак, 7-8-августта Кой-Ташта УКМК кызматкерлерин барымтага алуу жана массалык башаламандыкты уюштурууга шектелип, КСДП штабынын өкүлдөрү Амантур Жамгырчиев, Фарид Ниязов, Алга Кылычовдор камакка алынган. Соттун чечими менен ал 9-декабрга чейин камакта калтырылган.

Количество просмотров: 301