Сүйлөшүүлөр абдан оор болду. Ошого карабастан, биз эң башынан тартып мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгын коргоо үчүн бекем турдук, өзүбүздүн позициябызды чечкиндүү түрдө коргодук. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде түз эфирде элге Кумтөр тууралуу кайрылуу жасап жатып билдирди.
«Эгерде буга чейин биз жыл сайын дивиденддердин символикалуу көлөмдөрүн гана алып келсек, тактап айтканда, 20 жылдын ичинде жалпысынан 85 млн доллардын тегерегинде дивидент алып келсек, өткөн жылдын жети айында эле 323 млн доллар кирешеге ээ болдук. Быйыл буюрса, 500 млн долларга чейин алабыз деп турабыз.
Кумтөр кени бүгүнкү күндө орточо эсеп менен 3 млрд долларга бааланууда.
Адистердин эсебине таянсак, жакынкы 10 жылда Кумтөрдөн кеминде 5 млрд доллар киреше алууга жетишебиз, башкача айтканда, 160дан баштап 200 тоннага чейин алтын казылат. Бул бюджетке түздөн-түз чоң пайда, колдоо. Мен тастыкталган эсептөөлөрдү гана айттым. Бирок ал жакта башка дагы мүмкүнчүлүктөр да бар. Азырынча ал жөнүндө кененирээк токтолбой эле турайын. Айтайын дегеним, Кумтөрдүн чоң потенциалы бар жана элибизге дагы узак жылдар бою кызмат кылат», — деди президент.