Панфилов районунун аймагында жапайы өскөн кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 22-июль күнү Панфилов РИИБнүн кызматкерлери, Кайыңды шаарынын мэриясынын өкүлдөрү менен биргеликте жапайы өскөн кара куурайларды жок
кылуу максатында «Кара Куурай» аталышындагы иш-чара жүргүзүлдү.
Иш-чараланын алкагында бүгүнкү күндө Кайыңды шаарынын аймагында жапайыөсүүчү кара куурай аныкталып, 1 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды.