• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Таш-Көмүрдө 1 тоннага жакын кара куурай жок кылынды

21 Теке 202210:59 Бишкек Govori.TV

Таш-Көмүр шаарынын ички иштер бөлүмү тарабынан жапайы кара куурайды жок кылуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери шаар аймагында өскөн 1 тоннага жакын кара куурайды өрттөп жок кылышты.

Жарандарга кылмыштуулуктан жана баңгизат колдонуудан алыс болуу зарылдыгы эскертилди. Ата-энелерге жаш өспүрүмдөрдү тыкыр көзөмөлдөө, терс көрүнүштөргө күбө болсо милицияга билдирүү керектиги жеткирилди.

Количество просмотров: 143