• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто 5 тонна кара куурай жок кылынды

12 Баш оона 202217:32 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун аймагында кара куурай аталышындагы иш-чарасынын экинчи этабы жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган иш-чаранын жүрүшүндө Ош ОИИБдин жана РИИБдердин бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматтарынын ыкчам кызматкерлери жана милициянын участкалык уполномоченныйлары менен биргеликте Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Араван райондорунун аймагында ээн талааларда, каралбай калган жерлерде, ошондой эле арык бойлорунда өскөн жапайы кара куурайды өрттөп жок кылуу боюнча иш алып барып жатышат.

Жалпысынан 3 күн ичинде 14 га жер кароого алынып, жапайы өскөн 5 тоннадай салмактагы кара куурай жок кылынды. Аталган иш-чара башка райондордо да жүрүп жатат.

Количество просмотров: 194