• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

6,5 тонна кара куурай жок кылынды

9 Баш оона 2021 13:49 Бишкек Govori.TV

Токтогулда 6,5 тонна кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн жана КРнын ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жергиликтүү Өзгөрүш айылынын айыл өкмөтү, айыл башчы, аксакалдар жана жаштар кеңеши болуп, жалпы аянты 3,5 га түзгөн талаада өскөн жапайы кара куурайды техниканын жардамы менен орушуп, жалпы салмагы болжол менен 6,5 тоннага жакын кара куурай жыйналып жок кылынган.

Кошумчалай кетсек, жыл башынан бери Токтогул районунда талаадан 10 тоннадан ашык кара куурай жок кылынган.

Количество просмотров: 117