• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Аламүдүндө 3,7 гектар кара куурай жок кылынды

4 Баш оона 2021 16:31 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн районунун аймагында 2021-жылдын 2-августунан 8-августуна чейин “Кара куурай” аталышындагы рейд өткөрүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун ИИБнин кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте баңгизатын камтыган жапайы кара куурайларды жок кылуу боюнча иштери жүргүзүүдө. Андан сырткары айыл жашоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

«Гроздь, Мраморное, Лебединовка, Васильевка, Пригородное, Ленинское айыл аймактарында кара куурай өсүмдүктөрүн жок кылуу боюнча 70тен ашык адамдан турган 7 топ түзүлүп, ага Аламүдүн РИИБинен 60тан ашуун кызматкерлер тартылды»,-деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан район боюнча 3,7 гектар аймактагы 5190 килограммдай жапайы өскөн кара куурай чабылып жок кылынды. Мындай иш-чара 8-августка чейин жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 67