• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Ысык-Көлдө баңгизат жасаган лаборатория жок кылынды

11 Чын куран 2022 15:07 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө баңгизаттарды мыйзамсыз колго өндүрүүчү лаборатория аныкталып, анын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун тургуну Т.А. аттуу жарандын үйүндө шашылыш тинтүү
жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында каннабис тобундагы баңгизаттарды өндүрүүчү
баңги лабораториясы үчүн жабдылган кампадан көк түстөгү 100 литрлик
желим бочканын ичинен кара куурайдын өзгөчө жыты бар жашыл түстөгү зат
табылып алынган.

«Алынган баңгизаттардын жалпы салмагы 26 килограммды түзгөн. Кармалган Т.А. аттуу жаран Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.
       

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча кошумча
ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 58